Биз менен байланышыңыз

БШК эртең Свердлов округу боюнча акыркы отурумун өткөрөт

Кыска кабар | 22 Мар 2022 | 148 | 0

№29 Свердлов округуна өткөрүлгөн кайра шайлоо боюнча жыйынтыктоочу отурум эртең, 23-мартта өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүнкү жыйында билдирди.

Маалым болгондой, Свердлов округунда катталган мыйзам бузуулар боюнча билдирүүлөрдүн негизинде текшерүүлөр жүргүзүлүп, кылмыш иштери козголгон. Анын алкагында өзүнчө эпизоддор да бөлүнүп каралып жатат.

«Ошол текшерүүлөр боюнча прокуратура органдары дагы бир күн сурашты. «Дагы бир күн карап чыгып, эртең маалымат беребиз» дешти. Ошондуктан  Свердлов округу боюнча жыйынтыктоочу отурум эртең өтөт. Ошондой эле аталган округдан талапкерди каттоодон чыгаруу боюнча БШКнын чечимин Жогорку Сот күчүндө калтырды. Ал боюнча да соттун чечиминин көчүрмөсү бизге келген жок, эртең алат экенбиз», — деди Шайлдабекова.

27-февралда №29 Свердлов округуна өткөрүлгөн кайра шайлоодо Абдурахманхажи Муртазалиев 17,54% добуш алып, жеңүүчү аталган. 9-мартта БШК талапкердин каттоосун жокко чыгарган. Ал эми Шайлообек Атазов 16,28%, Аскар Алмаз уулу 12% добуш алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM