Биз менен байланышыңыз

Президенттин балдар укугу боюнча өкүлү алмашты

Кыска кабар | 22 Мар 2022 | 164 | 0

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Жыпариса Рысбекова балдар укугу боюнча президенттин өкүлү кызматынан бошотулуп, ордуна мурдагы юстиция министри Асель Чынбаева дайындалды.

Айта кетсек, Президенттин балдар укугу боюнча өкүлчүлүгү 2021-жылдын 19-майында түзүлгөн.

Асел Чынбаева 1974-жылы 7-майда Чүй облусунун Кара-Балта шаарында туулган. 1996-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

Ал эмгек жолунда Жогорку Кеңеште, Бишкек мэриясында, Транспорт министрлигинде, Президенттин, Премьер-министрдин аппаратында, Швейцариянын «Хельветас» уюмунда, «Альянс-Транс» ассоциациясында иштеген. 2021-жылдын февралынан октябрына чейин юстиция министри кызматын аркалаган. Мамлекеттик кызматтын II класстагы кеңешчиси.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM