Биз менен байланышыңыз

Депутаттар 22-марттан 26-мартка чейин аймактарды кыдырат

Кыска кабар | 22 Мар 2022 | 273 | 0

Жогорку Кеңешинин депутаттары 22-марттан 26-мартка чейин аймактарда шайлоочулар менен иш алып барат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Буга байланыштуу бул жумада парламенттин жана комитеттердин жыйындарын өткөрүү пландалган эмес.

Учурда Жогорку Кеңеште жалпы 89 депутат иш жүргүзүүдө, Свердлов округ боюнча кайра шайлоонун жыйынтыгы чыга элек.

№29 Свердлов округуна өткөрүлгөн кайра шайлоодо Абдурахманхажи Муртазалиев 17,54% добуш алып, жеңүүчү аталган. 9-мартта БШК талапкердин каттоосун жокко чыгарган.

Copyright © 2017 Maral FM