Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Алай районунун Гүлчө айылына таза суу киргизүүгө жасалып жаткан иштер менен таанышты.
12 миңден ашуун адам жашаган райондун борборунда таза суу боюнча бир катар көйгөйлөр бар.
Ошондой эле Эдил Байсалов Курманжан Датка атындагы тарыхый-этнографиялык музейине барып, экспонаттардын жана экспозицияларды көрдү.