Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Кытайда кырсыкка учураган учакта кыргызстандыктар жок

Кыска кабар | 22 Мар 2022 | 521 | 0

21-мартта Кытайда кырсыкка кабылган учакта кыргызстандыктар болгон эмес. Бул тууралуу Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулдук билдирди.

21-мартта Кытайдын Учжоу шаарынын Тен округуна 133 жүргүнчүсү бар China Eastern Airlines авиакомпаниясынын Boeing-737 учагы кулап түшкөн.

Flightradar-24 агенттигинин маалыматына караганда, MU5735 рейсиндеги учак жергиликтүү убакыт боюнча 13:15те Куньминден Гуанчжоуга карай учкан. Саат 14:20 чамасында Учжоу аймагына жетип, учак ылдамдыгын кескин азайтып, багытын жогото баштаган. Кийин радар экранынан көрүнбөй калган.

Курман болгондордун саны белгисиз. Кырсык болгон жерде издөө-куткаруу иштери уланууда. Ошондой эле маалымат каражаттары учак кулаган жерде токойдо өрт чыкканын жазышты.

Copyright © 2017 Maral FM