Биз менен байланышыңыз

Президент Сауд Аравиянын тышкы иштер министрин кабыл алды

Кыска кабар | 22 Мар 2022 | 268 | 0

Президент Садыр Жапаров 21-мартта Кыргызстанга расмий сапар менен келген Сауд Аравия Падышалыгынын тышкы иштер министри, ханзаада Фейсал бин Фархан бин Абдулла Аль-Саудду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы кызматташтык боюнча пикир алышып, дипломатиялык алака түзүлгөн 30 жыл ичиндеги жетишкендиктер, кемчиликтер талданды.

Президент Садыр Жапаров Сауд Аравиянын тышкы иштер министринин эки тараптуу мамилелердин тарыхындагы Кыргызстанга биринчи визити эки өлкө ортосундагы достукту чыңдоого жана кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө болорун белгиледи.

Президент Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселесине, анын ичинде эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатууга өзгөчө көңүл бурду.

Абдулла Аль-Сауд президент Садыр Жапаровго жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирди жана Сауд Аравия жетекчилигинин саламын айтты.

Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Инвестиция улуттук агенттигинин өкүлдөрүн инвестициялык жана соода-экономикалык чөйрөдө кызматташуунун келечегин талкуулоо максатында Королдукка келип кетүүгө чакырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан жана Сауд Аравиясынын ортосунда соода, айыл чарба жана экологиялык таза өндүрүмдөрдү экспорттоо чөйрөлөрүндө, туризм жаатында, ошондой эле биргелешкен бир катар долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM