Биз менен байланышыңыз

«Жашыл мурас» улуттук өнөктүгү Жалал-Абадда уланууда

Кыска кабар | 20 Мар 2022 | 315 | 0

«Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында Жалал-Абад шаарындагы «Барпы-Сейил» аллеясына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамы тарабынан павловния көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

12-мартта президент Садыр Жапаровдун катышуусунда «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш багынын аймагында ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулуп, «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгү башталган.

Аталган өнөктүк республиканын бардык аймактарында жүрүп, учурда мекеме-ишканалар тарабынан жашылдандыруу иштери кызуу жүрүүдө.

Акция өлкө аймагында үч айга чейин уланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM