Биз менен байланышыңыз

Украинадан Польшага жеткирилген 95 кыргызстандык алып келинди

Кыска кабар | 19 Мар 2022 | 315 | 0

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүн, 19-мартта Украинанын аймагынан Бишкекке кезектеги чартердик каттам келди. Аны менен Украинадан Польшага жеткирилген 95 кыргызстандык мекенине алып келинди.

43 жаран Чехиядан Ошко, 35 жаран Прага-Стамбул-Бишкек багыты боюнча Прагадан Бишкекке учуп келди.

Бул каттамдарга кыргызстандыктар үчүн билеттерди Миграция боюнча эл аралык уюмдун миссиясынын Прагадагы өкүлчүлүгү сатып берген.

Министрлик жана элчилик Кыргызстандын жарандарын Польшадан, Чехиядан эвакуациялоо, ошондой эле Украинанын согуштук аракеттер жүрүп жаткан шаарларында жүргөн кыргызстандыктарды коопсуз аймактарга чыгаруу иштерин улантууда.

Бүгүнкү күндө 718 жаранга Украинадан чыгып кетүүгө жардам көрсөтүлдү.

Кыргызстанга 528 жаран жеткирилген, анын ичинен 60тан ашуун жаран Молдова жана Түркия аркылуу өз мекенине кайтып келишкен. Алардын көпчүлүгүнө Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан жарандарды документтештирүү иштери жүргүзүлдү, калган жарандар коопсуз аймактарда: Польшада, Румынияда, Венгрияда, Словакияда, Молдовада, Германияда, Түркияда жайгашууда.

Бүгүнкү күндө Украинанын аймагында Кыргызстандын 60тан ашык жараны бар. Элчилик Украинада калган жарандар менен байланышта, алардын көбү жашаган жеринде калуу каалоосун билдиришүүдө. Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында жабыркагандар жок.

Copyright © 2017 Maral FM