Биз менен байланышыңыз

УКМК: Кубанычбеков 51 млн сом төлөп, үй камагына чыкты

Кыска кабар | 19 Мар 2022 | 643 | 0

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адилет Кубанычбеков мамлекетке келтирген 51 миллион 220 миң сом зыянды кайтарды. Ошондой эле кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча аныкталган фактыларды мойнуна алганына байланыштуу баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн жүрүшүндө Кубанычбеков тарабынан товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын лоббирлөө максатында алар үчүн жеңилдетилген шарттарды түзүп, акча каражатын пара катары системалуу түрдө алып туруу үчүн бажы администрациясынан товарларды көмүскө түрдө көзөмөлдөө схемаларын колдонгон фактылары аныкталды.

Мындан тышкары, Кубанычбеков баюу максатында, туунду компаниялар тарабынан тышкы экономикалык иштин субъекттери үчүн бажы кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасын негизсиз көтөргөн.

Copyright © 2017 Maral FM