Кыргызстанда 19-мартка карата 15 адамдан коронавирус аныкталды. Бишкек шаарында 9, Чүй облусунда 4, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 адамдан илдет табылган.
Өлкөдө пандемия башталгандан бери 200 миң 802 адамга коронавирус жукту.
Акыркы суткада бир бейтап каза болуп, жалпы өлүм учурлары 2 миң 978ге жетти.
Бир суткада 29 адам илдеттен сакайып, ооруну жеңгендер жалпы 196 миң 45 киши.
Учурда ооруканада 99 бейтап, үйдө 95 адам дарыланууда.