Президент Садыр Жапаров «Лейлек районунун Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоо жөнүндө» мыйзамга кол койду.
Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан ушул жылдын 16-мартында кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун ысымын түбөлүк калтыруу, улуттук идеологияны чыңдоо, тарыхый салттардын жана баалуулуктардын негизинде жарандарды руханий-адептик тарбиялоону андан ары өркүндөтүүгө багыттоо болуп саналат.