Биз менен байланышыңыз

Долон ашуусундагы каттам 19-мартта ачылышы мүмкүн

Кыска кабар | 18 Мар 2022 | 220 | 0

Долон ашуусундагы каттам 19-мартта ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда (294-чакырым) 10 жүктөгүч тартылып, кар көчкүнү тазалоо иштери уланууда.

Кечээ, 17-мартта саат 10:30дар чамасында Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусунда кар көчкү түшүп, жол жабылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, кар көчкүнүн бийиктиги 8 метр, туурасы 12 метрди түзөт.

Жерине Нарын облустук башкармалыгынын куткаруучуларынан турган ыкчам топ жана райондук бөлүмдүн жарандык коргоону кызматтары менен биргеликте иш алып барууда.

Ошондой эле жолду тазалоо максатында Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч жана 8 кызматкер тартылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM