Биз менен байланышыңыз

Бактыгүл Чотурова: Искусстводо жасалма нерсе көбөйүп кетти

Аялзаты үчүн чыгармачылык жүктү алып кетүү оорураак. Дегенибиз, ал эки түйшүктү бирдей алып жүрүүгө туура келет. Биринчиси, кардын жарып чыккан адам-перзенттери болсо, экинчиси, жан дүйнөсүн жарып чыккан чыгарма-перзенттери. Түйшүккө түтүп, моюбай-ноюбай, кош арабаны барабар сүйрөп кеткен чыгармачыл аялдар азыраак. Көпчүлүгү бир гана тарабына ыктайт адатта.

Биздин бүгүнкү маектешибиз балдарын да канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, элден кем кылбай асырап, ошол эле учурда ыр-балдарын да унутта калтырбай, канаттуу кайрыктарды кагаз бетине түшүрө алды. Көшөрө, төшөлө иштеп жүрүп, эне катары турмуштан, акын катары адабияттан өз ордун тапты: балдары өз тууруна татыктуу конду; ыр жыйнактары, чыгармалары поэзия ышкыбоздорунун, окурмандын жүрөгүнө конду.

Шапалактай «Кызыл аттан» баштап, көлөмдүү «Күн — Кудайдын карегине» чейинки ырларын, поэмаларын; Шекспирдин драмаларынан баштап, Шахизаданын ырларына чейинки котормолорун; «Чыпалак бала Чыныбектен» баштап, «Тумар ханышага» чейинки драмаларын адабият текчесине татыктуу коё алган Кыргыз эл акыны, Алыкул атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, драматург, котормочу, журналист Бактыгүл Чотурова менен «Марал» радиосунун «Мен жана мезгил» программасында маектештик.

— Кыргыздын кыйын акыны бул жылга кандай пландарды камдап турат?

— Чыгармачылык — «отставкасы» жок кызмат, Жараткандын берген шыбагасы. Ошондуктан ушул жылы эле эмес, ар бир жылы «кыялымда, жүрөгүмдө багып жүргөн иштерди кагазга түшүрүп, элиме арнасам» деген ой дайыма жашап келет. 2021-жылды жакшы жыйынтыктап, алдыга чоң максаттарды койдум. Өзү адамдын жаратылышы ушундай да. Кээ бир учурда «мен мактоону жаман көрөм» дей беребиз. Чынын айтканда, адамдын туулгандан табияты жылуу пикир, мактоону жакшы көрөт. Ошого шыктанып, сүйүнүп, жүрөгү кубанып, анан сонун бир тилектерди алдыга коюп турган жылдыздуу мүнөттүн, сааттын адамда көп болгону — ийгиликтин дагы бир башаты да. Менде да жакшы тилек-максаттар бар. Анан бардык планды ачыктап айтып салгың да келбейт. Анткени ал иш жүзүнө кандай ашат, кептин баары ошондо. Эптеп эле чүргөп, том-том китептерди ыргыта салуу болбойт. Биз сандан сапатка караган куракка келдик. Эки-үч жылдан бери бир жакшы китеп даярдап жатам. Андан сырткары чоң бир мемуар жазылууда. Күн сайын жакшы, бактылуу учурларды дароо күндөлүккө түшүрүп жүрө берем. Барактап окусам, чыгармачылыкта сонун күндөр, тарыхый мүнөттөр көп болуптур. Ошолордун баарын тизмектеп, шурудай кылып тизип, анан жакшы мемуар жазуу максатын койдум.

— Адабиятка, акындыкка болгон кызыгууңуз качан башталган?

— Мектептеги мезгилден тарта ушул дүйнөдө жүрөм. Ыр, сочинениени жакшы жазчумун. «Мугалим болсом» деп самачумун. Бирок баары бир чыгармачылык өзүнө чырмап алды. Акындардын катарына кирип калгандан кийин деле өзүмдү акын атоодон тартынчумун. Себеби, бул — өтө чоң сөз. Ошонун деңгээлине жетип туруп, андан соң айтуу керек. Бир-эки китептин автору болуп, ырларды жазып эле акынмын деген болбойт. Азыр да айтуудан тартынам. Анткени, менин ырым кимге жагат? Элге жугумдуубу, алар окуйбу же жөн эле тизмектелген саптарбы? Ошондуктан бул суроолор сени өмүр бою күлүктөй таптап, анан элге айттырышы мүмкүн.

— «Ырлар жаралышы үчүн кандайдыр бир эмоционалдык абалга кирүү керек» деген чынбы же логикага салып, акыл менен жазса да болобу?

— «Азыр мен ушул темада ыр жазышым керек» деп олтурсаң, эч нерсе жаза албай калышың мүмкүн. Себеби, чыгармачылык деген пландуу түрдө аткарыла турган кызмат эмес да. Ал жакшылыкты же жамандыкты көргөндө, ачуу чындык жүрөгүңө тийгенде же катуу сүйүнгөндө, айтор, таасирлерден улам жаралат. А жаш кезде көзгө көрүнгөндүн баарын жазгың келет. Бирок ар бир ырда реалдуу жашоо – турмуш жашашы керек.

— Аял акын менен эркек акынды кандай өзгөчөлүк айырмалап турат? 

— Стилинен, деңгээлинен болушу мүмкүн. А бирок «бул аялдын ыры, бул эркектин ыры» деп бөлгөн туура эмес. Азыр балдар акыны деп да айтылып келет. Алар деле поэзиянын бир бутагы болуп жатпайбы. Александр Пушкиндин «Алтын балык» жомогу азыркы учурга чейин өз деңгээлинен түшпөй келет. Демек, акындардан мырза же айым болобу, жазуу деңгээлинен гана көз каранды. Поэзияны бөлбөшүбүз керек.

— Акын аялдар турмушта эки эсе көп түйшүк тартса керек?

— Эркектерге караганда акын аялдардын турмуштагы түйшүгү эки эсе оор. Себеби, эне катары балдардын түйшүгү бар. Алар чоңойгондо бала-чакасын көрөсүң. Куда-сөөк, тамыр күтүп, жакшылыктарга барасың. Эшикке чыгып эркектин, үйгө кирип аялдын ишин бүтүрүүгө туура келет. Менде азыр шүгүр. Соңку жылдары башка жумушка алаксыбай, чыгармачылык менен иштептирмин. Кыздарым чоңоюп, алар бардык жумушту өздөрү жасашат.

— Жаңыдан өсүп келе жаткан жаш калемгерлердин бул тармакка жасаган мамилеси кандай? 

— Жаш акындар «Нурборбор» деген чоң академия түзүп алышкан. Андан тышкары ошол эле балдар түптөгөн «Калемгер» адабий клубу бар. Бул тай күлүктөрдүн дүбүртү угулуп, даңканы чачырай баштады. Алар: «Мамлекет бизди карабай койду, камкордук жок», — деп олтурбай эле, өз киндиктерин өздөрү кесип, чогула калып, бирөөнүн китебин чыгарышат. Гастролго чыгып, адабий кечелерин өткөрүп жатышат. Жаштарыбыздан кыргыз адабиятынын татыктуу мууну өсүп чыгат дей алам.

— Драматургия жаатында кандай иштер болууда?

— Азыркы жаштардын арасынан конкурстарда, сынактарда жакшы жазылган чыгармалар чыгып жатат. Бирок ага чейин бизден кийинки жаштарды айта кетсек, Султан Раев, Кайрат Иманалиев, Бурул Калчабаеванын драмалары элге таанылып, көрүнүп, сахналарда коюлуп калды. Ал эми дүбүртү угулуп келе жаткан жаштар буюрса, мыкты драматургдар болушат. Бирок, бир нерсе бар: буларды колдоо керек. Алардын жазгандарын планга киргизип, чоң сахнага алып чыгуу үчүн каражат маселеси керектелет. Биз азыр каалайбызбы, каалабайбызбы, «капиталистик системада» жашап жатабыз. СССР убагындагыдай эч ким камкордукка албайт. Азыр «сүрөөнчүнү» издөө, ошонун арты менен элге чыгуу болуп калды. Учурунда мага белгилүү режиссёр Төлөмүш Океев: «Бактыгүл, биз эгемендик деп кыйкырып жатабыз. Эгемендикти да, чыгып келе жаткан чыгармачыл инсандарды да, сүйүүнү да жаңы төрөлгөн баладай карап багуу керек», — деген эле.

— Замандын агымына жараша ыр жазуу стили да өзгөргөн сыяктуу…

— Ооба, анча-мынча таасирлер сөзсүз болбой койбойт. Азыркы жаштардын жазганы — өтө чыйрак, анан эркин, элге өз оюндагысын бат жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар. Биздин учурда кичине «тизгиндөө» бар болчу. Бирок, эркиндиктин да өз чеги болот: аша чапсаң, баркы кетет.

— Обончулар сиздин ырларга да көп кайрылат эмеспи. Мындан улам сурайын дегеним, атайын тапшырык менен жазасызбы? 

— Автордук 100дөн ашуун обондуу ырым бар. Ар биринин деңгээли ар кандай. Ошолордун ондон ашыгы элге таралып, ырдалып жүрөт. КР эл артисттери Эсенбек Мааданбеков, Каныкей Эралиева, Атайбек Бөдөшов, КР эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев сыяктуу обончулар жазган. Булардын ырларынан мен кесипкөйлүктүн белгисин көрө алам. Азыр жаштар да жазып жатышат. Кээ бири телефон чалып, атайын жолугуп, уруксат сурап алышат. Кээ бири китептен алып эле жаза берет экен. Мейли, аларга терикпейм деле. Жазып чыга беришсин.

Чыгармачылыкта акын үчүн «заказ ыр» деген аябай кыйнаган нерсе да. Көңүлүнө карап алып аласың да, «мойнунан байланган иттей болуп» жазасың. Ошол үчүн китептен алган ырлар жакшы чыгат деп ойлойм. Улуу муундун ырларын карасак, алар сөзгө маани беришкен. Андай ырлар түбөлүктүү, ырдала турган болуп калат экен. Сөзгө маани берилбесе, бир-эки ырдалып, ошону менен унутта калат. Кээ бир жаш обончулар ырларды алат да, саптарын сындырып салышат. Бул мага таптакыр жакпайт.

Угарман, окурмандын табити илгери таза болчу. Азыр жазма адабиятта да, обончулукта да, айтор, искусствонун бардык түрлөрүндө жасалма нерсе көбөйүп кетти. Эл арасынан эпчилдери: «Бул нерсени мен деле чыгарсам болот турбайбы», — деп табитти бузуп салышат. Табит бузулса, «халтура» көбөйөт. Азыр ачык айтканда, ошолордун гүлдөгөн заманы болуп жатат. Профессионалдар бар, бирок аз.

— Котормолоруңуз туурасында кеп кылалы…

— Илгери, устаттарыбыздан: «Котормо менен иштесеңер, өзүңөргө азык, чоң таасир аласыңар. Өз казаныңарда кайнап жүрө берсеңер өспөйсүңөр», — деген сөздү көп укчу элек. Алгачкы ирет казак акындарынын чыгармаларын, чыгыш жылдыздарын, Азербайжан акынынын 300 беттен турган поэмалар жыйнагын котордум. Котормодон абдан чоң таасир аласың. Индия акындарынын чыгармаларын которуп, китеп болуп чыккан. Соңку жылдары Шекспирдин «Макбет» трагедиясын котордум. «Дүйнөлүк адабиятка даап, ошончолук деңгээлине жеткире которо алдымбы?» деген ой да жаралбай койбойт. Бул чыгарманы сахнага Султан Раевдин сунушунун негизинде биздин кыргыз драм театры менен Англиянын чоң театрынын артисттери келишим түзүп, бири-биринен тажрыйба алмашып, эки театр биргелешип алып чыгышты. Анан кийин Фридрих Шиллердин «Мария Стюарт» пьесасын бир жыл котордум.

— Чыгармачыл инсандардын дүйнөгө болгон көз карашы карапайым адамдардыкынан эмнеси менен айырмаланат?

— Карапайым адам турмуш-тиричиликти гана ойлонот. Маселен, аялдарда үй кожейке болуп, үй-бүлө түйшүгүн ойлоп, кийим-кече, зер буюм сатып алып, «менин башкалардан эмнем кем?» деген көз караш менен жашагандар бар. Тиричиликти чыгармачыл аял деле ойлонот. Бирок чыгармачылыкты, калем-кагазды биринчи орунга коёт. Талантка көбүрөөк көңүл бөлүп жүрүп, көз жоосун алган жалтырактарга көп деле кызыкпай калышыбыз мүмкүн (күлүп).

— Журналисттик кесип сизге эмне берди? 

— Журналисттик кесиптин арты менен кичине баладан аксакалдарга чейин жолугуп, пикирлештим. Атын алыстан уккан баатыр инсандар менен маектешип, алардын жан дүйнөсүн ачып берүүгө аракеттендим. Айрымдары менен азыр деле жакын адамдай жүз көрүшүп турабыз.

— Сизге ыраазычылык билдиребиз! Чыгармачылыктагы билек түрө киришип жаткан иштериңиз ийгиликтүү жүзөгө ашсын. Күйөрмандар сиздин ыр, котормолорду дайыма чыдамсыздык менен күтүп, окуп келет.

— Элибизде тынчтык, ынтымак, аманчылык болсун!

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM