Биз менен байланышыңыз

Үй алуу үчүн кооперативге катталууда көңүл бура турган жагдайлар

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Мар 2022 | 551 | 0

Жарандар турак жай алуу үчүн кооперативге катталууда этият, кылдат болушу керек. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору Гурас Жапаров «Маралдын» эфиринде айтып, кооперативге катталардан мурда эмнелерге көңүл буруу керегин тизмектеди.

Анын айтымында, коомдо турак жай маселеси өтө көйгөйлүү болгондуктан, жарандар бат алданып, акчаларынан кол жууп калып жатышат. Эл маалыматы жоктугунан документ, келишим сыяктуу маанилүү нерселерге көңүл бурбай, сөзгө гана ишенишет.

«Көптөгөн жарандар документке көңүл бурбай, сөзгө ишенип коюшат. Бул туура эмес. Биринчиден, келишимди карап чыгуу зарыл. Андан кийин тажрыйбалуу юрист же экономистке көрсөтүп, кеңеш алышы керек. Сиздер аз акча берип жаткан жоксуздар да, канча акча болсо да, адис менен кеңешип койгондун зыяны тийбейт. Биздин жарандарыбыз, мисалы, 100 миң сомун коркунучка ойлонбой коюшат да, юристтен кеңеш алууга 500 сом аяшат», — деди Жапаров.

Ал кооператив менен алек болгондордун ичинде «ушак таратуучулар» бар экенин айтты. Бул инсандар «мен алдым, таанышым алды, сонун экен» деген атайын схема менен «ушактарды» жайылтышат. Ага ишенгендин баары бара баштайт.

Мындан сырткары ал шылуундардын жосунсуз жоруктары турак жай кооперативи менен алектенгендерге сокку болуп жатканын, мунун кесепети бара-бара элдин ишениминен кетүү, кооперативге болгон терс көз карашты пайда кылуу коркунучуна кептээрин кошумчалады. Аны менен катар өлкө калкынын каржылык, экономикалык сабатын арттыруу зарылчылыгына токтолду.

Эске салсак, кечээ Ош шаарында S-LINE коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчиси убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Укук коргоо органдарына бул кооператив убада кылган үйүн алалбай жатышканын айтып, 24 жаран арыз жазган.

Copyright © 2017 Maral FM