Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда балык багуучуларга жаңы талаптар коюлуп жатат

Коом , Экономика | 16 Мар 2022 | 1154 | 0

Өткөн жылы Кыргызстанда балык 10 миң тоннадан ашып, анын 5 миң тоннадан көбү сыртка экспорттолду. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу эки эсе көп экенин Балык чарба департаменти билдирди. Ошондой эле былтыр Ысык-Көл, Соң-Көл, Орто-Токойго жалпы 17 миллиондон ашык майда балык коё берилди. Мамлекеттик токой фонду быйыл да балык багылган көлмөлөрдү ижарага берүүнү улантат. 

Кыргызстанда акыркы жылдары балык чарбасын жандантуу үчүн мамлекет да, жеке ишкерлер да өзгөчө көңүл бура баштады. Өлкө ичинде бул жаатта алектенгендер күн санап көбөйүүдө.

Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаментинин директору Эдил Ниязов эгер ишкерлер товарын экспортко чыгарууну кааласа, анда сөзсүз департаменттин реестерине катталып, расмий иш алып барышы керектигин эскертти. Себеби бул азык-түлүк коопсуздугу үчүн зарыл болуп жатканын айтат.

«2021-жылы «Балык уулоочулук жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө» мыйзам кабыл алынып, күчүнө кирген. Бул боюнча бүгүнкү күндө департамент реестерди алып барат. Каттоодон өткөн 194 балык чарба бар, андан сырткары жеке менчик майда балык чарбалары бар. Ишкер реестерге өз каалоосу менен гана катталат. Бирок «сыртка экспорттойм же уруксаттык документ алып, ички дүң базарга сатам» десе, сөзсүз биздин реестерге катталышы керек. Ошондой эле ветеринардык кызматтын да реестерине катталышы зарыл. Себеби бул азык-түлүк коопсуздугу үчүн керек».

Мамлекеттик токой фондунун жерлери буга чейин балык багуучуларга ижарага берилип келген. Бирок аларга берилген жердин көп бөлүгү иштетилбей турат. Мунун себебин Мамлекеттик токой чарба агенттигинин директорунун орун басары Азамат Эркебаев мындайча түшүндүрдү.

«Мамлекеттик токой фондунун жерлери 189 балык багуучуга ижарага берилген. Жалпы аянты 474 гектарды түзөт. Бирок ижарачылардын 80и гана иш жүргүзүүдө. Калган 109у даярдык иштери менен алектенүүдө. Бул боюнча 2018-жылы өкмөттүн №192 токтому бекитилген. Анын негизинде Мамлекеттик токой фондуна караштуу көлмөлөр балык багуучуларга ижарага берилет. Бүгүнкү күндө балык багуучуларга көлмөлөрдү ижарага берүүдө талаптарды катуу коюу боюнча токтомдун айрым пункттарын өзгөртүү каралууда».

Айыл чарба министрлигине караштуу ветеринардык көзөмөл кызматынын инспектору Бактыбек Жээналиевдин айтымында, балык багуучуларга жаңы талаптар коюлуп жатат. Ошондой эле ал балык чарбасын реестерге каттоонун жол-жобосун айтып берди.

«Ветеринардык, санитардык талаптарды күчөтүү максатында токой жана балык чарба департаменти менен иш алып баруудабыз. Жаңы талаптарды киргизип жатабыз. Биринчиден, токой чарбасы уруксат бериши керек. Андан кийин биз койгон санитардык, ветеринардык талаптарга жооп бериши зарыл. Ошондой эле Балык чарба департаментинин макулдугу да сөзсүз керек. Ушул баскычтардан кийин гана биз ички реестерге каттап, рынокко чыгарууга уруксат беребиз».

Мындан сырткары департаменттин адиси Кыдыр Жунушалиев Чүй облусунда балыкты жылына 30 миң тоннага жеткирүү пландалып жатканын айтты. Буга чейин өндүрүш көлөмү 10 миң тоннанын тегерегинде болгон.

«Кыргызстанда негизги балык чарбалары Чүй облусунда жайгашкан. Көбүнчө батыш тарабында карп, ал эми чыгышында форель балыгы багылат. 2021-жылы Күрп-Сай, Үч-Коргон, Шамалды-Сай суу сактагычтарынын жер тилкелерин ишкерлерге ижарага берүү боюнча сынак уюштурганбыз. Жакынкы аралыкта буларды жеке ишкерлерге беребиз. Биздин эсептөөлөр боюнча бул суу сактагычтардагы балык 8-13 миң тоннадан кем эмес, келечекте 30 миң тонна же андан да көп болот. Балык чарбасы Кыргызстанда тез өнүгүп жатат».

Өткөн жылы Ысык-Көл, Соң-Көл, Орто-Токойго жалпы 17 млн 600 миң майда балык коё берилди.

Кыргызстандын балыгы Орусия, Казакстан жана башка өлкөлөргө экспорттолот.

Copyright © 2017 Maral FM