Биз менен байланышыңыз

17-мартта күн бир аз жылыйт

Кыска кабар | 16 Мар 2022 | 267 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 17-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Күндүз Чүй, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт.

Жолдорго муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14;

Талас облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +7…+12;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +7…+12;

Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +6…+11;

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +11…+13 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM