Кыргызстанда айрым жаныбарлар азайып бараткандан улам аңчылыкка үч жылдык мораторий киргизүү сунушталды. Депутаттар демилгелеген мыйзам долбоору 11-мартта Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлду.
Бул багыттагы мыйзам буга чейин көп жолу сунушталып, колдоо тапкан эмес. Мыйзамдын демилгечиси, Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев «Маралдын» эфиринде колдоо таппай келген себептерин атады.
Биринчиден, 2017-жылы жазылган мыйзам долбоорунда мораторий 2030-жылга чейин белгиленген. Ошол мезгилде Аңчылар союзу, аңчылык менен алектенген компаниялар нааразычылыгын билдиришип, Мамлекетик аңчылык департаменти да аларга кошулуп, бул мыйзамдын кабыл алынышына бут тосуп коюшкан. Экинчиден, аңчылык көмүскө бизнеске айланып, бул жааттагы чарбалардын көпчүлүгү ошол кездеги депутаттарга тиешелүү болгон.
«Аңчылык тармагында чоң акчалар айланып турат. Өлкөнүн аңчылык чарбаларынын көбү биздин депутаттарга тиешелүү болгондуктан, өзүнүн бизнесин коргоп калуу максатында, жең ичинен сүйлөшүп, акча сунуштап, өкмөттү көндүрүп, бул мыйзам колдоо таппай келген», — деди ал.
Кыргызстанда жалпы 52 аңчылык чарба болсо, көпчүлүгү жеке менчик. Алар көбүнчө чет өлкөлүк туристтердин ууга чыгуусун уюштуруп беришет.