Биз менен байланышыңыз

Орозо кармоого даярдык боюнча атайын кеңештер

Блог | 16 Мар 2022 | 1711 | 0

Берекелүү Рамазанга саналуу күндөр калды. Бул керемет күндөрдү жана түндөрдү пайдалуу өткөрүү үчүн алдын ала даярданганыңыз оң. Жоопкерчиликтүү айдоочу маанилүү жүрүшкө чыгып жатып, унаасынын кыймылдаткычын текшерип, майын алмаштырып, дөңгөлөгүн үйлөтүп даярдаган сыяктуу эле мусулмандар да Рамазан айынын ийгиликтүү өтүшү үчүн бардык күчүн жумшайт.

Эмесе, Рамазан айы башталганга чейин эмне кылуу керек?

Орозодо калып калган күндөрдүн ордун толуктоо

Рамазан айында калып калган күндөрдү артка кайтаруу тилекке каршы, мүмкүн эмес, бирок мусулмандар аларды кийинки орозо башталганга чейин толукташы керек. Мындай милдетти себепсиз аткарбай коюу күнөө болуп эсептелет. Карызды орозону кармоого ыңгайлуу учур болуп, кыш мезгили эсептелет. Эгерде сиз карызыңыз бар экенин таптакыр эле унутуп калсаңыз, анда бул милдеттен кутулуу үчүн алдыда эки жумадан ашык убактыңыз бар. Рамазан айы башталганга чейин алдын ала ооз бекитип, организмди көндүрүп баштаганыңыз туура болот.

Өнөкөт ооруларыңыз болсо, дарыгерден кеңеш алыңыз

Ашказан ооруп жатабы? Бөйрөктөрбү? Баш оору кыйнап жатабы? Тишиңизди дарылатып жаттыңыз беле? Мунун бардыгына жана башка көйгөйлөргө орозо келгенге чейин кам көрүү маанилүү. Албетте, мүмкүнчүлүккө жараша.

Эгерде суу ичпөө, тамактанбоо ден соолукка терс таасирин берсе, же дары ичип жатса, мындай учурда адам өзүнө зыян келтирип орозо кармоого болбойт, т. а. оорулуу мусулмандын бул парздан бошошуна шарият уруксат берет.

Көпчүлүк учурда айрым оорулар орозонун шарапаты менен айыгып кетерин да билебиз. Мындан тышкары орозо кармоонун өзү айыктыруучу касиетке ээ экени тажрыйба катары далилденгенин эстен чыгарбоо керек.

Орозо кан басымды азайтууга жардам берет, организмден уулуу заттарды жана токсиндерди айдап чыгат, жарадан жана гастриттен айыгууга алып келген ашказан кычкылдыгын калыбына келтирет (мындай учурлар кездешкен).

Сизге орозо кармаганга болобу же болбойбу, бул тууралуу максималдуу түрдө ишеничте болуу үчүн доктурга кайрылуу туура чечим. Рамазанга даярданууда ден соолугумду чыңдайм деген ишенич да кошо жүрүшү керек. Жок дегенде тиш оорусунан арылууга болот.

Куран окууну үйрөнүү

Орозодо ар бир жасалган жакшылык үчүн сыйлык 27 эсеге көбөйөт. «Куранды» талыкпай окуган адам Алла Тааладан канчалаган ырайым алат? Жалкоолукту таштап, мусулмандардын негизги китеби болгон «Куранды» окуй баштаңыз. Баштагандан коркпоңуз, ошондо сиз Жараткандын ыктыяры менен кирип келе жаткан орозодо ийгиликке жетишкендердин катарына кошуласыз. Эгерде сиз тажрыйбалуу окурман болсоңуз, анда орозого даярдыкты «Курандын» жаңы бөлүмдөрү менен таанышуудан баштаңыз. Ошондо сиз эс тутумуңузду гана өнүктүрбөстөн, таравих жана тахажуд учурунда окуй турчу сүрөлөрдү да толуктайсыз.

Куттуу айда орозо кармоо үчүн алдын ала даярдыктын көрүлүшү ден соолукка пайдалуу экенин адистер да белгилешет. А бирок ашказан жана башка сиңирүүчү органдарда өзгөрүү болорун да эскертишет. Ошол себептүү төмөнкү кеңештерди сиздерге сунуштайбыз.

Рамазан айынын менюсун түзүңүз

Биз дайыма рамазан айы башталарда эстей калабыз: ооз бекитүүгө жана ооз ачууга эмне жасайбыз? Керектүү азыктар муздаткычта бар болду бекен? Жыйынтыгында, адамдар орозонун биринчи күндөрүндө интернеттен туура тамактануу боюнча видеороликтерди жана макалаларды издей башташат. Өзүңүздүн күч-кубатыңызды бул нукка күн мурунтан даярдаңыз! Муздаткычка илип коюу үчүн баракка жазып коюңуз: адистер ооз ачуу учурунда  кандай азык-түлүктөрдү колдонсо болот, суусоону сезбеш үчүн эмне кылуу керектигине кандай сунуштарды айтышат? Бул шпаргалка тамак тандоодо сиздин убактыңызды сарамжалдоого жардам берет.

Уктоо убактысын өзгөртүңүз

Орозо айында ооз бекитүү жана ачуу убактыларынан улам биологиялык графигибиз өзгөрөт. Ошондуктан азыртан тарта уктоонун жаңы убактысына өтө баштаңыз. Азыркыдан 1-2 саат эрте уктооңуз абзел. Анткени мындай өзгөрүүнүн артынан ооз бекитүүгө оңой ойгонуп, күндүз уйкусуроодон жана чарчаңкы абалдан кутулган болосуз.

Эртең менен эрте тамактана баштаңыз

Эртең менен туура тамактанган адам кечке чейин күүлүү-күчтүү жүрөт. Орозого жакындаганда мүмкүн болушунча эртерээк тамактанганга аракет кылыңыз. Эгер таңда тамактанбай жүрсөңүз, муну тез арада адатка айлантышыңыз керек.

Суу ичүү да маанилүү

Айрымдарыбыз Орозо киргенге чейин сууну аз ичип, ооз бекигенде суусуз жүрүүгө көнүгөм деп ойлойбуз. Бул туура эмес. Куттуу айда күн сайын 8-10 стакан суу ичкенге аракет кылыңыз.

Түшкү тамактын көлөмүн азайтыңыз

Рамазанга чейин айрыкча түшкү тамакты аз жегенге көнүңүз. Салат сыяктуу жеңил тамактарды жей баштаңыз. Мындай жол менен узак убакыт ач калууга көнө баштайсыз.

Оор тамактардан баш тартыңыз

Куттуу айдын алдында чаңката турган майлуу, таттуу жана туздуу азыктарды, ага кошкон туз жана майдын көлөмүн азайтыңыз.

Мөмө-жемиштер

Буласы жогору болгон жемиштерди жана сиңирүүнү жакшырткан азыктарды Орозого чейин жеп баштаганыңыз оң. Ал эми ширелүү мөмө-жемиштерди орозо учурунда күнүнө 1 же 2ден жеп турганыңыз жетиштүү.

Кошумча тамактануулардан баш тартыңыз

Рамазан айынын башталышына саналуу күндөр калганда үч маал гана тамактанып, алардын ортосунда шам-шум этип алганды токтотууга өзүңүздү көндүрүңүз, анткени Рамазанда сизде эки жолу гана тамактанууга мүмкүнчүлүк болот: ооз бекитерде, анан ооз ачарда. Ошондо сиз бир жолку тамактануудан баш тартып каласыз.

Кофеинди колдонууну азайтыңыз

Эгерде сиз кофени жакшы көрсөңүз жана Рамазан айынын биринчи күндөрүндө баш оорудан кыйналганды каалабасаңыз, анда азыртадан баштап кофеинди аз пайдаланыңыз. Кофеини жок кофеге өтүңүз, андан кийин аны рационуңуздан таптакыр эле чийип салыңыз.

Рамазан айыңыз берекелүү болсун, орозоңузду Жараткан кабыл кылсын, туткан орозоңуз жүрөктөрдүн Кудайдан коркуу сезими жана нур менен толукталышына себеп болсун!

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM