Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстандын кампаларында азык-түлүктүн запасы жетиштүү»

Коом , Экономика | 15 Мар 2022 | 870 | 0

Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министри айрым азык-түлүктүн баалары жана запастары тууралуу маалымат берди. Ал кумшекер жана өсүмдүк майы жөнүндө сөз кылып, бул товарлар учурда соода түйүндөрүнө арзан жеткириле баштаганын айтты. Мындан тышкары өлкөдө азык-түлүккө болгон жетишсиздик жок экенин эскертип, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. 

Акыркы эки-үч күндө өлкөдө кумшекер жана өсүмдүк майынын баасы жогорулап, эл дүрбөлөңгө түштү. Кыргызстанда ун, май жана кумшекердин запасы жетиштүү экенин маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди. Анын айтымында, министрлик 70 сомдук кумшекерди жана 130 сомдук өсүмдүк майын соода түйүндөрүнө таратууда.

«24-февралдан баштап Орусия жана Украинадагы окуялардан улам Кыргызстанда бир катар имиштер пайда болду. Дүкөндөрдө азык-түлүктүн азайышы жана баасынын жогорулашы байкалууда. Президенттин тапшырмасы, Акылбек Жапаровдун көзөмөлү менен миң тонна кумшекерди өлкөнүн соода түйүндөрүнө таркатып жатабыз. Кумшекердин сатылышы килограммына 70 сомдон болот. Мындан сырткары өсүмдүк майынын тартыштыгы болот деген да сөздөр тараган. Азыр 500 миң литр майды соода уюмдарына таратып жатабыз. Анын 1 литри 130 сомдон сатылат».

Министрдин маалыматына караганда, 230 миң жакыр үй-бүлөгө акысыз 11 миң 467 тонна ун берилген. Бүгүнкү күндө иш уланууда, дагы 7 миң тоннага жакын ун таратылды.

Өлкөдө бүгүнкү күндө азык-түлүк жетишпей калат деп дүрбөгөнгө негиз жок. Азыр ун, өсүмдүк майы, кумшекер жана биринчи керектөөдөгү азык-түлүктүн баары мамлекеттин көзөмөлүндө турат.

«Кыргызстанда азык-түлүк жагынан кыжаалат болууга себеп жок. Президент Жапаровдун бир нече жолку аракетинин негизинде мамлекеттик кампаларды толтурууга жетиштик. Бул боюнча көптөгөн иштерди жүргүздүк. Азыркы учурда кампадагы болгон азык-түлүктү чыгарып иштетебиз. Кампада жетиштүү запас бар. Бюджетте акча кенен. Азык-түлүктү ташуу боюнча мамлекеттер арасында каттамдар толугу менен жүрүп жатат. Эч кандай токтогон жок».

Жазгы талаа жумуштары башталгандыктан мамлекет сырттан үрөн ташып келүүдө. Айыл чарба министрлиги берген тизме боюнча ӨКМ үрөндү аймактарга жеткирип жатат. Бирок Украинадагы абалга байланыштуу Кыргызстанга үрөндүн келиши бир аз кармалган учурлар бар.

«Кыргызстанга Орусиянын Краснодар крайынан буудай, арпа, сафлор, буурчак, күн карама келди. Азыр үрөн ташуу кечеңдеп жатат. Себеби ал батыш тараптан келет, акыркы окуяларга байланыштуу темир жолдун иштешине тоскоолдук жаралууда. Темир жолдон биринчи куралды өткөрүп, үрөндү кечиктирип өткөрүүдө. Ага карабастан жарымын алып келдик. Өзбекстандын темир жолу жабык болгондуктан өлкөнүн түштүк аймагына жеткирүү кыйынга турууда. Бирок министрлик Бишкекке келген үрөндү унаа менен ташып жатат».

Өзгөчө кырдаалдар министри мындан сырткары аба ырайындагы өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берип, жаздын келиши менен жолдордо кар көчкү жүрүп жатканын айтты. Мекеме көчкүнүн алдын алуу үчүн тийиштүү чараларды күчөтүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM