Биз менен байланышыңыз

16-мартта көпчүлүк аймакта жаан жаайт

Кыска кабар | 15 Мар 2022 | 325 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 16-мартта түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.

Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Кээ бир райондордо туман түшөт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Талас, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар түшөт.

Жолдорго муз тоңуп, батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +8…+13;

Талас облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +7…+12;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн +3…+8, күндүз +9…+14;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +4…+9;

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +8…+10 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM