Биз менен байланышыңыз

«Ишкерлер учурдан пайдаланып, башка өлкөлөрдүн базарына да чыгышы керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Мар 2022 | 275 | 0

Ишкерлер азыркы тапта өздөрүнүн бизнесин сактоого аракет кылыш керек. Мындай пикирин «Жаңы жибек жолу» соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү ассоциациясынын төрагасы Азат Эркебаев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Бизнесин эл аралык майданына чыгарып, башка өлкөлөр менен соода алакасы бар ишкерлер батыштын санкцияларына же болбосо батыш санкция салган кээ бир Орусиянын экономикасынын мүчөлөрү, субьектилери менен иштешүүдө өтө көз салып, оолак болушу керек. Себеби билип-билбей же кокусунан иштешип кала турган болсо анда албетте ошол “капканга” түшүп калышы мүмкүн.

«Мындан сырткары ишкерлер мурда бир тараптуу, багыттуу иштеп келишкен болсо, эми учурдан пайдаланып назарын башка рынокторго, башка мамлекеттерге карап, жаңы өнөктөштөрдү табууга буруш керек. Өкмөт дагы биздин тышкы соода менен иштешип жүргөн биздин ишкерлерге экпорт-импортко башка жаңы базарларды ачып берүүгө шарт түзүп бериш керек», — дейт ал.

Буга жаңы ачылган Улуттук инвестиция тартуу агенттиги, Тышкы иштер министрлиги, анын элчиликтери активдүү иш алып барышы керек.

Мындан сырткары ал ишкерлер анализ кылып, алдыдагы потенциалдуу багыттарды аныктап, ошол тармактарга инвестицияны бурууну кеңеш берди.

Ал алдыңкы жылдары колго ала турган багыттарты атады. Бул: айыл чарба, азык-түлүктү өндүрүш, туризм, IT-технологиялар, транспорттук логистика, жашыл энергетика, суу энергетикасы. Айрыкча биздин суу ресурстарын акчага баалап, товар катары сатылышы керектигин, андан тышкары иче турган сууну дагы экспорттоону  күчөтүү зарылчылыгын айтып, мамлекетке кошумча пайда алып келерин кошумчалады.

Эркебаев бара-бара дүйнөдө азык-түлүкө муктаждык жогорулап, дагы да кымбаттай турганын баса белгилеп, жергиликтүү ишкерлер жана өкмөт айыл-чарбага, азык-түлүктү кайра иштетүү өндүрүшүнө көңүл буруп, азык-түлүктүн көлөмүн көтөрүүгө, аны башка мамлекеттерге эскпортоого үндөдү. Себеби биздин өлкөгө экспортту арттыруу аркылуу валютанын кирип келишине шарт түзүшү абзел.

Copyright © 2017 Maral FM