Сириядагы согуштук аймакка баруу максатында Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн чет элдик жарандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
13-мартта Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө шектелип, Жалал-Абад шаарынан коңшу өлкөлөрдүн эки жараны кармалды. Кармалгандар мурда терроризм боюнча соттолгон жергиликтүү тургун менен жашынып жүргөн.
Алар Кыргызстанга келип, Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактарга эл аралык террористтик уюмдардын катарына кошулуу максатында Кыргызстандын паспортун жасоого аракет кылышкан.
Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүлүп жатат. Кармалгандар Жалал-Абад шаарындагы тергөө абагына киргизилди.