Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Кыргыз улуттук «Манас» театры ачылды

Кыска кабар | 15 Мар 2022 | 990 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз улуттук «Манас» театрынын имаратынын ачылыш аземине катышты.

Анда ал өнөр адамдарына чыгармачыл ийгиликтерди каалап, апрелде маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу пландалып жатканын айтты.

«Бүгүнкү күндө 30 жыл аралыгында жетиштүү көңүл бурулбай келген көптөгөн жакшы демилгелер өлкө жетекчилигинин колдоосу аркылуу ишке ашырылууда. Алсак, «Манас» театрына имарат бөлүнүп берилген. Кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын, каада-салтыбызды, элдик оозеки чыгармачылыкты, өзгөчө «Манас» эпосун сактоодо сиздердин салымыңыздар баа жеткис. Апрель айында социалдык тармактагы кызматкерлердин, анын ичинде маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу пландаштырылууда», — деди Жапаров.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, башкы прокурор Курманкул Зулушев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышты.

Театр 2021-жылдын сентябрь айында «Манас» эпосун, ошондой эле кенже эпосторду жана манасчы, дастанчылардын чыгармачылыгын сактоо жана жайылтуу максатында негизделген.

Президенттин ушул жылдын 17-февралдагы жарлыгы менен ага улуттук макамы ыйгарылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM