Биз менен байланышыңыз

Сузакта «жок адамдарга» айлык жазган бала бакчанын жетекчисине иш козголду

Кыска кабар | 15 Мар 2022 | 494 | 0

Жалал-Абад облусунда мамлекеттин акчасын мыйзамсыз жол менен алып келген бала бакчанын жетекчисине иш козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Барпы айыл өкмөтүндөгү «Э» бала бакчасынын мурдагы жетекчиси Г.Б. 2015-2021-жылдар аралыгында эмгектенбеген бир нече адамга да табель толтуруп, акчасын өзүнө жумшаган.

Сузак райондук прокуратурасы жүргүзгөн иликтөөнүн жүрүшүндө мындан мамлекетке 1 млн 170 миң 200 сом зыян келгени аныкталган.

Аталган факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) иш козголуп, учурда тергөө жүрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM