Биз менен байланышыңыз

Орусиянын айрым ЖОЖдору эл аралык аккредитациядан ажыратылды

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Мар 2022 | 269 | 0

Дүйнө жүзү мындан ары Орусиянын соода, бизнес, менежмент багытындагы дипломдорун тааныбайт. Бул тууралуу Insider Ukraine News War басылмасы жазды.

Төмөндөгү бирикмелер Орусиядагы ЖОЖдордун аккредитациясын жокко чыгарууну кабыл алышты:

▪️AACSB (Коллеждик бизнес мектептерин өнүктүрүү бирикмеси);

▪️BGA (Бизнес мектебин бүтүрүүчүлөрдүн бирикмеси);

▪️AMBA (Бизнес башкаруу магистри (MBA) программаларынын бирикмеси);

▪️EFMD (Менежментти өнүктүрүү үчүн бизнес-мектептеринин, компанияларынын жана бирикмелеринин глобалдык тармагы)

«Көп жылдар бою биздин иштерибизге жигердүү катышып келген Орусиянын окуу жайларындагы кесиптештер өз өкмөтүнүн чечимдеринен жана иш-аракеттеринен улам болуп көрбөгөндөй оор кырдаалга туш болушту. Биз орусиялык мекемелердин бардык мүчөлүгүн жана аккредитациясын кийинки эскертүүгө чейин токтото туруу боюнча жамааттык чечим кабыл алдык», — деп айтылат бирикмелердин жасаган билдирүүсүндө.

Көпчүлүк эл аралык компаниялар, университеттер жумушка орношууну же окууну андан ары улантууну каалаган бүтүрүүчүлөрдөн диплом берген окуу жайынын аккредитациясын талап кылышып, анын даражасына жараша чечим кабыл алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM