Биз менен байланышыңыз

Жапаров алдыңкы бизнес өкүлдөрү менен жолугушту (сүрөт)

Кыска кабар | 14 Мар 2022 | 1387 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14- мартта ата мекендик бизнестин өкүлдөрү менен жолугушту. Бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрү менен бизнес-коомчулуктун жолугушуусунда «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланды.

Садыр Жапаров бул мыйзам долбоору биринчи кезекте «көмүскө» экономиканын үлүшүн кыскартууга, активдердин сакталышын камсыздоого жана алардын ээлерин мамлекеттик органдардын куугунтугунан коргоого багытталганын белгиледи.

Президент белгилегендей, «көмүскө» экономиканын жогорку деңгээлде болуусу Кыргызстандын эгемендик жылдарынан бери келе жаткан чоң көйгөй.

«Жеке адамдардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзам өлкө тарыхында 5 жолу кабыл алынган. Бирок ошол беш жолу кабыл алынган мыйзамдын бири да ар кандай жагдайлардан улам тийиштүү натыйжасын берген эмес. Ал эми бүгүн сиздер менен талкуулап жаткан мыйзам долбоору мамлекет тарабынан кол тийбестиктин бардык кепилдиктерин камсыздай турганын баса белгилей кетүү керек», — деди Жапаров.

Иш-чарада министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, башкы прокурор Курманкул Зулушев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев баяндама жасап, комментарий беришти.

Ишкерлер Өмүрбек Бабанов, Аскар Салымбеков, «Шоро» компаниясынын негиздөөчүсү Жумадил Эгембердиев, «Үмүт жана К» компаниясынын башкы директору Кайрат Абдуллаев, «Бишкек курулуш» өндүрүштүк-курулуш фирмасынын башкы директору Аскар Молдобаев, «Кыргызцентрпродукт» компаниясынын директору Манас Белашаров, «КАС техноложис» ишканасынын башкы директору Акылбек Мамыров жана башкалар мыйзам долбоору боюнча пикирлерин айтышып, анын өз убагында кабыл алынышын белгилешти.

Президент Садыр Жапаров бизнес тарабынан көтөрүлгөн суроолорго жооп берип, мамлекеттик органдарга тийиштүү тапшырмаларды берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында президент башында турган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана ата мекендик ишкерлер тиешелүү ниет протоколуна (мырзалар келишими) кол коюшту.

Copyright © 2017 Maral FM