Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 11-марттан 11-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чаралардан сырткары митинг-акцияларды уюштурууга тыюу салган чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун маалымат кызматы кабарлады.
Митинг өткөрүүгө уруксат берилбеген аймактар:
-Бишкек шаарындагы Манас көчөсүнүн №55 дарегинде жайгашкан Орусиянын элчилигинин имаратынын алды;
-Борбордук «Ала-Тоо» аянты;
Жогорку Кенештин жана Президенттин администрациясынын имаратынын алды.
Мындай иш-чараларды Рыскулов жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Максим Горький атындагы скверге өткөрүү чечими кабыл алынды.