Молдовановкадагы абактарга баңгизат киргизүүгө аракет кылган эки адам кармалды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.
11-мартта №27 жана №1 түзөтүү мекемелеринин короосуна баңгизат ыргытууга аракет кылган Э.уулу Б. жана Ж.Ч.Б. кармалган. Алардын жанынан жалпы салмагы 1 кг 804 граммды түзгөн 8 таңгак нашаа табылган.
Бул факты Аламүдүн ички иштер бөлүмүнө катталып, кармалган жарандар жана материалдар тергөөгө өткөрүлүп берилди.