Биз менен байланышыңыз

15-мартта жаан жаайт

Кыска кабар | 14 Мар 2022 | 158 | 0
Сүрөт: Zafer Dincer

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 15-мартта түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда, Ысык-Көл облусунда жаан жаайт.

Күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +4…+9;

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +3…+8;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн +5…+10, күндүз +6…+11;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +5…+10;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +3…+8;

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +7…+9 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM