Биз менен байланышыңыз

Өкмөт «Кыргыз петролеумга» 9 га жерди 49 жылга акысыз пайдаланууга берет

Кыска кабар | 14 Мар 2022 | 349 | 0

Министрлер кабинети «Кыргыз петролеум компани» жабык акционердик коомунун капиталдык курулушуна 9 гектар жер тилкесин 49 жылга акысыз пайдаланууга берүүнү караган токтом долбооруна байланыштуу түшүндүрмө берди.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, аталган жер тилкеси мамлекеттин менчигинде. Ал Мамлекеттик мүлктү башкаруу  фондунун алдындагы «Элдик» мамлекеттик ишканасынын чарбалык карамагында турат.

9 гектар жерди 49 жылга акысыз пайдаланууга берүү мүмкүндүгү каралып жаткан «Кыргыз петролеум» компаниясы «Кыргызнефтегаз» акционердик коомунун туундусу болуп саналат, андагы мамлекеттин үлүшү 85%ды түзөт.

Бүгүнкү күндө «Кыргыз петролеум» менен «Элдик» мамлекеттик ишканасынын ортосунда аталган жер тилкеси боюнча 10 жылдык ижара келишими түзүлгөн. Узак мөөнөткө пайдаланууга берүүдө мамлекет жерге болгон менчик укугун жоготпойт.

Бул жер «Кыргыз петролеум» компаниясынын нефти чыгарган заводун салууга пайдаланылат.

Copyright © 2017 Maral FM