Биз менен байланышыңыз

Нооруз-2022: 13-мартта Чолпон-Атада көк бөрү оюндары башталат

Кыска кабар , Спорт | 11 Мар 2022 | 367 | 0

Көк бөрү боюнча Өлкө биринчилиги быйыл 13-мартта башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 11-мартта министр Азамат Жаманкулов «Көк бөрү» федерациясынын жаңы шайланган президенти Талас Бегалиев менен жолукту.

Анда Талас Бегалиев 21-март Нооруз майрамына карата жыл сайын өтүп келе жаткан турнир тууралуу маалымат берип, даярдыктар талкууланды.

12-мартта саат 17:00дө командалар ортосунда чүчүкулак тартылат. Финалдык беттештер Нооруз күнү болуп, майрамдык салтанат көптөгөн ат оюндары менен коштолот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM