Көк бөрү боюнча Өлкө биринчилиги быйыл 13-мартта башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 11-мартта министр Азамат Жаманкулов «Көк бөрү» федерациясынын жаңы шайланган президенти Талас Бегалиев менен жолукту.
Анда Талас Бегалиев 21-март Нооруз майрамына карата жыл сайын өтүп келе жаткан турнир тууралуу маалымат берип, даярдыктар талкууланды.
12-мартта саат 17:00дө командалар ортосунда чүчүкулак тартылат. Финалдык беттештер Нооруз күнү болуп, майрамдык салтанат көптөгөн ат оюндары менен коштолот.