Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстан динге үгүттөбөйт, ошол эле учурда четке да какпайт»

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Мар 2022 | 902 | 0

Советтер Союзу кулагандан кийин «Орто Азияда мындан ары Ислам доору кандай болот?» деген суроо пайда болгон. Алардын арасында эки олуттуу пикир жаралган. Биринчи тарап: «Исламдын орду саясатта, коомдо күчөйт, коомдук-саясий факторго ээ болот», — десе, экинчи тарап: «Исламдын ролу күчөбөйт, коомдук-саясий статуска ээ болбойт», — деп, биринчиге карама-каршы пикир айтышкан. Бул тууралуу саясат таануу жана социология илимдеринин доктору, дин изилдөөчү Руслан Жалил «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан 30 жыл ичинде орток позицияны карманды. Тагыраагы, Ислам өтө маанилүү коомдук-саясий фактор болуп да кеткен жок, жоголуп да кеткен жок. Буга көптөгөн изилдөөлөр далил.

«Акыркы жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, калктын 30%ы намазга жыгылат. Бул көрсөткүч чоң диндарлыкты туюнтпайт. Анан да көпчүлүгү динди билим булактары аркылуу эмес, тааныш-билиш, тууган-урук, дос-тамыр аркылуу таанууда. Мындан улам биздин эл диний лидерлерди, диний көз караштагы аткаминерлерди жактырат деген туура эмес. Албетте, мындай адамдар жок эмес, алар коомчулуктун 20-30%ын түзөт», — деди ал.

Биздин мамлекет динге үгүттөбөйт, ошол эле учурда аны четке да какпайт. Кыргызстан баш мыйзамга ылайык демократиялык, светтик принциптерин сактоо менен иш жүргүзүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM