Биз менен байланышыңыз

Эл каттоого бюджеттен 321 млн сом бөлүндү

Кыска кабар | 11 Мар 2022 | 230 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Калкты жана турак жайды каттоо боюнча мамлекеттик комиссиянын кеңешмесин өткөрдү.

Кожошев билдиргендей, каттоо жүргүзүү калктын так санын билүүгө гана мүмкүндүк бербестен, адамдардын жашоо-шарты кандай өзгөргөнүн баалоого да мүмкүнчүлүк берет.

Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов калкты жана турак жай фондун каттоонун жүрүшү жөнүндө маалымат берди.

Ал белгилегендей, учурда республика боюнча эл каттоого 27 миң 899 адам тартылса, республикалык бюджеттен 321,9 млн сом бөлүнгөн.

Улуттук статистика комитетинин төрагасы ошондой эле жергиликтүү бийлик органдары жетиштүү деңгээлде иш жүргүзбөй жатканын, интернет байланыштын, транспорттун жоктугунан эл каттоочулардын иши кыйындап жатканын белгиледи.

Өз кезегинде Кожошев Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен «Альфа Телекомдун» Жалал-Абад облусунун айрым айылдарын 4G форматындагы интернет байланышы менен камсыздоо боюнча ишин сынга алды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM