Биз менен байланышыңыз

Шабданалиев кыргыз-кытай соодасын өнүктүрүү жолдорун айтып берди

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Мар 2022 | 526 | 0

Кыргызстан чоң көлөмдө эч нерсе өндүрбөгөндөн кийин өндүрүп жаткандардын мүмкүнчүлүгүн пайдаланышы керек. Жүк ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Темирбек Шабданалиев «Маралдын» эфиринде азыркы геосаясий кырдаалды эске алып, Кытай менен соода алаканы өнүктүрүү жолдорун айтып берди.

Кыргызстан Кытайдан келип жаткан товарды алты эсеге көбөйтсө болот. Буга төмөнкүдөй түшүндүрмө берди:

«Эркечтам» өткөрмө бекетине чоң соода терминалын куруу керек. Себеби «Эркечтамдын» жанында күтүп турган алты мамлекет бар: Өзбекстан, Түрмөнстан, Иран, Ооганстан, Тажикстан. Иран аркылуу Түркияга жете алабыз, деңиздерге чыга алабыз. Азыр бул алты мамлекет товар күтүп, «суусап» турган мезгили. Биз муну колдонбой жатабыз», — деди ал.

Шабданалиев бир ай мурун министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен сүйлөшүп, жогорудагы сунушту бергенин, Жапаров бул ишти колдой турганын билдирди. Бирок өкмөт дале кабыл ала электигин кошумчалады.

«Акылбек Жапаров менен жолугуп, «Эркечтамга» терминал орнотуу идеяны сунуштасам, ага абдан жакты. «Бул долбоорду эми иштетели», — деди. Биз сунуштарды даярдадык, бирок өкмөт бизди бир айдан бери кабыл ала элек. Күтүп жатабыз. Же баш тартыштыбы? Белгисиз болууда», — деди Шабданалиев.

Ал бул долбоор аябай керектүү экенин, Кыргызстандын экономикасына он эсе пайда алып келерин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM