Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик ишмер Усубалиевдин айкелин тургузуу иш-чарасынан сүрөттөр

Кыска кабар | 11 Мар 2022 | 333 | 0

Кочкор районунун борборуна Кыргызстанды 25 жыл жетектеген мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин айкели тургузулду.

Айкелдин ачылыш салтанаты бүгүн, 11-мартта өтүп, ага президент Садыр Жапаров да катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Акимиаттын астына айкел орнотуу демилгесин аким Курбанбек Камчиев көтөрүп, жеке ишкерлердин демөөрчүлүгү менен ишке ашкан.

Турдакун Усубалиев 1919-жылы Кочкор районунун Теңдик айылында туулган. 1961-жылдан 1985-жылга чейин Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы, өлкө башчысы кызматын аркалаган. Ал жетектеп турган жылдарда Кыргызстанда бардык тармак, айрыкча, өнөр жай, айыл чарба, маданият, билим берүү тармагы өзгөчө өнүккөн. Суудан энергетика алуу идеясы ишке ашып, Токтогул баштаган ири ГЭСтер курулган.

Тудакун Усубалиевди замандаштары «Бишкек шаарынын башкы архитектору» деп эскерип келишет.

1999-жылы Кыргыз Республикасынын Баатыры ардак наамы берилген.

Төмөндө Усубалиевдин айкели тургузуу иш-чарасынан сүрөттөрдү сунуштайбыз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM