Жалал-Абад облусунун Аксы райондук прокуратурасы тарабынан мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген факты аныкталды.
Аксы районунун борбору Кербен шаарынын Мамай, Устукан айылдарына таза сууга түтүкчөлөрдү тартууда Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери пайда көрүү же башка жеке кызыкчылыктарды көздөп, мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 7 млн 357 миң 872 сомдук зыян келтиришкен.
Аталган факты боюнча Аксы райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалуу) менен кылмыш иши козголуп, келтирилген зыянды өндүрүү жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө жүргүзүлүүдө.