Биз менен байланышыңыз

Орусияда бензин арзандай баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Мар 2022 | 2101 | 0

Орусиянын айрым облустарында бензин арзандай баштады. Ага күйүүчү майдын дүң баасынын төмөндөшү себеп болууда. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.

«Февралдын аягынан бери Санкт-Петербургдун Товардык-чийки заттык биржасында АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 24,5%га арзандап, тоннасы 36 миң 880 рублди, АИ-95 22%га арзандап, тоннасы 180 рублди түздү», — деп айтылат билдирүүдө.

ЖМКлар баанын төмөндөшү өзгөчө биржада бензинди соодагерлер аркылуу же түз сатып алган көз карандысыз тармактарда байкалып жатканын белгилешти.

«Тактап айтканда, 1-марттан 5-мартка чейин күйүүчү майдын баасы Нижний Новгород, Сыктывкар, Салехард, Иркутск облустарында жана Приморск крайында арзандады», — деп жазды басылмалар.

Бирок бул арзандоолор Москвага таасирин тийгизбейт, ал жерде баалар баштапкы калыбында калууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM