Биз менен байланышыңыз

Баткен: Тажик чек арачылары унааларга таш ыргытып, атышуу болду

Кыска кабар | 11 Мар 2022 | 1425 | 0

11-мартка караган түнү саат 02:50 чамасында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Баткен-Исфана унаа жолунун Баткен районунун Эки-Таш тилкесинде Тажикстандын чек ара отряды жолдон өтүп бара жаткан унааларга таш ыргыткан. Кыргызстандын чек арачылары муну токтотууну талап кылганда тажик чек арачылары уккан эмес. Буга байланыштуу кыргыз чек арачылары асманга эскертүүчү ок атууга аргасыз болушкан.

Бул учурда аталган аймакта кызмат өтөгөн Тажикстандын дагы бир чек ара отряды кыргыз чек арачылары турган байкоочу мунарага ок чыгарган. Атышуу 20 мүнөттөй созулуп, саат 03:10до токтогон.

Кыргыз тараптан жабыркагандар жок. Чыр-чатактын курчуп кетпеши үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, андан соң окуя болгон жерде жолугушуу өткөрүштү.

Кыргыз-тажик чек арасында жайгаштырылган аскер бөлүмдөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда.

Copyright © 2017 Maral FM