Жогорку Кеңештин депутаттары 10-марттагы жыйынында өлкөдөгү экономикалык абал боюнча Өкмөттүн маалыматын угушту. Жыйында экономика жана коммерция министри акыркы геосаясий окуяларга байланыштуу Өкмөттүн антикризистик программасы иштелип чыкканын маалымдады. Депутаттар Украинадагы кырдаалдан жаралып жаткан экономикалык кризиске, азык-түлүктүн кескин кымбатташынын элге тийгизген таасирине тынчсызданууларын билдиришти. Мындан сырткары алар жеңилдетүүчү насыялар, жазгы талаа иштерине даярдык, азык-түлүк коопсуздугу боюнча бир катар маселелерди көтөрүштү. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.
Бейшембиде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында өлкөдөгү экономикалык абал боюнча Министрлер кабинетинин маалыматы угулду.
Жыйында баяндама жасаган экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Орусия менен Украинанын ортосундагы кырдаал дүйнөлүк экономикага жана азык-түлүк коопсуздугуна терс таасир тийгизип жатканын белгиледи.
Анын айтымында, каатчылыкка каршы атайын план иштелип чыгып, валюта рыногун жөнгө салуу жана баалардын өсүшүн көзөмөлдөө чаралары каралууда. Анын ичинен насыяларды төлөө, азык-түлүк менен камсыздоо жана жөлөк пул берүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда.
«Өкмөт тарабынан иш пландар толугу менен иштелип чыкты. Негизги үч блок боюнча: насыя берүү, тамак-аш кампаларын толтуруу жана калктын реалдуу кирешелеринин азайышына байланыштуу жөлөк пул аркылуу колдоо көрсөтүү каралган. Экономиканы кыска мөөнөттө турукташтыруу максатында бюджеттен 5,5 млрд сом каралып жатат. Буйруса, жакында ушундай өзгөртүүлөр менен сиздердин алдыңыздарга келебиз».
Талкуу маалында депутат Исхак Масалиев Кыргызстандын чет өлкөдөн алган карыздарын сомго айландырып, сом менен бекитүү керектигин сунуштады.
Ошондой эле ал Кыргызстанда бир топ ишканалар, алардын катарында чет элдик жеке мектеп жана университеттер окуу акыларын доллар менен эсептей турганын белгилеп, тез арада сомго өткөрүү керектигин эскертти.
«Азыркы абалга эмне себеп болуп жатат? Америка жана анын союздаштары Орусияга киргизген санкциялар Орусияга гана тийиштүү эмес. Ошол санкциялар дүйнөнүн жарымын дүңгүрөтүп койду, анын азабын биз тартып жатабыз. Ошол себептен биз деле чечкиндүү кадамга барышыбыз керек. Эгерде Кыргызстандын Европага карызы болсо, аларды деле сомго айландырып, сом менен бекитип коюубуз керек. Себеби, биздин күнөөбүз жок, алар кылган аракетинин жыйынтыгын алып жатышат».
Жыйында Улуттук банктын өкүлү Нурбек Жеңиш Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 14 пайызга чейин жогорулатканын билдирди. Эсептик чендин көтөрүлүшү банктардан насыя жана депозит алууда пайызы көбүрөөк болот дегенди билдирет.
Анын айтымында, бул инфляциялык процесстердин алдын алуу чараларынын бири жана абал турукташканда эсептик чендин көрсөткүчү төмөндөтүлөт. Нурбек Жеңиштин айтуусу боюнча Казакстандын улуттук банкы да эсептик ченин 9,25%дан 13,5 %га жогорулатты. Орусиянын Борбордук банкы өлчөмдү 20%га көтөрдү.
«Азыркы күндө инфляциялык процесс күчөп жатат. Быйыл инфляциянын деңгээли 12 пайыздын тегерегинде болот деп жыл башында болжогонбуз, азыр курстун алмашуусу, кризистик абалга байланыштуу андан да жогору болушу күтүлүп жатат. Биз анын алдын алуу чараларын көрүп жатабыз. Пайыздык ченди көтөрүү да — ошол чаралардын бири».
Жыйында депутаттар бензиндин коруна жана баасынын сакталышына кызыгышты. Мунай өндүрүүчүлөр биримдигинин башчысы Канат Эшатов билдиргендей, Кыргызстанда күйүүчү майдын кору эки жумага жетет.
Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин өкүлү 1-марттан 10-мартка чейин бензин бир сомго көтөрүлгөнүн, көзөмөл күчөгөндүктөн баалар кескин өспөй турганын айтып, буларга токтолду.
«Бензин 1 айга, дизель 2 айга жетет. Баалардын өсүп жатканы байкалууда, бирок кескин көтөрүлүп кетүү коркунучу жок. Көзөмөл күчөгөндүктөн баалар кескин өспөйт. Кыргызстанда үч монополист компания бар, эгерде алар бааларды кескин жогорулатса, тийиштүү чаралар колдонулат».
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин айтымында, бензинге болгон таңкыстыкты жоюу максатында ири нефти базаларга болжол менен 2 млрд сом өлчөмүндө кыска мөөнөттүү насыя берүү пландалууда.
Ошондой эле депутат Жанарбек Акаев акыркы кырдаалга байланыштуу эмгек мигранттары да Кыргызстанга кайтып келери күтүлүп жатканын айтты. Ал Орусияга көп өлкөлөр санкция киргизгендиктен товарлар келбей калганын белгилеп, Кыргызстан аркылуу товар киргизүү жолдоруна кызыкты.
Андай мүмкүнчүлүктөрдүн бар экенин белгилеген экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев мындайча жооп берди.
«Учурда «Бендер-Аббас — Ош» маршрутун чийүү боюнча иштер жүрүүдө. Жакында «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясынын жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк Иранга иш сапары менен барат. Андан тышкары Орусия менен 100 платформа сатып алып, ошол багытта иш жүргүзөт. Ошондой эле бул багытта «Эркечтам» өткөрмө бекетин туруктуу жана күнү-түнү иштетүү боюнча Кытай тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Аталган өткөрмө бекет аркылуу жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүү боюнча Кытайга кат жөнөтүлдү. Мындан сырткары Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району (СУАР) менен «Бедел» өткөрмө бекетин ачуу пландалып жатат».
Жыйында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков жазгы талаа иштерине даярдык боюнча маалымат берип, март айынын аягына чейин өлкөнүн түштүгүнө 5-10 миң тоннанын тегерегинде азоттук-минералдык жер семирткич материалдык резервдер аркылуу келе турганын билдирди.
Жаныбековдун айтымында, жыл башынан бери Кыргызстанга 20 миң тонна азоттук жана минералдык жер семирткич келди. Жума күнү кошумча нарк салыгы боюнча маселе чечилери менен сатыкка чыгат.
Отурумда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев калктын аялуу катмарына 1-апрелден тарта кошумча жардамдар карала турганын кошумчалады.