Биз менен байланышыңыз

Украинадагы согуштун 15-күнү: соккуга кабылган төрөт үйү, 2 миллиондон ашкан качкындар

Блог , Дүйнө | 10 Мар 2022 | 522 | 0

Орусиянын армиясы Украинага кол салганына бүгүн 15 күн болду. Учурда өз өлкөсүн таштап кетип жаткан украиндердин саны 2 миллиондон ашты. Ал арада Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган демилгелеген орус-украин дипломатиялык форуму Анталья шаарында өз ишин баштады. Аталган дипфорумга Орусиянын атынан тышкы иштер министри Сергей Лавров катышууда. Украина тараптан тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба жолугушууга келген. Мындан сырткары Түркия аталган форумга Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевди да катышууга чакырган. Назарбаевдин учагы бүгүн түнү Антальяга барып конду.

Согуштун 15-күнүнө алынган маанилүү окуялар тизмеги:

  • Украинанын Мариуполь шаарында Орусиянын абадан соккусунан улам төрөткана кыйрап, 17 адам жаракат алган.
  • Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков тынчтыкты орнотуу үчүн Украина тарап Путин менен Зеленскийдин түзмө-түз жолугуусун талап кылып жатканын айтты.
  • Түркиянын Анталья шаарында орус-украин дипломатиялык форуму өтүүдө.
  • АКШнын Сенаты Орусиядан мунай жана башка заттарды сатып алууга чектөө койду.
  •  Hilton жана Hyatt мейманкалар тармагы да Орусиядан чыгып кетүү ниетин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM