Биз менен байланышыңыз

Украина менен Орусиянын тышкы иштер министрлери Түркияда жолугушту

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Мар 2022 | 305 | 0

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен Түркияда жолукканын «РИА Новости» маалымат агенттиги жазды.

Министрлердин сүйлөшүүлөрү Анталиядагы дипломатиялык форумдун алкагында өтүп жатат. Ага Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да катышууда.

Эки өлкөнүн министрлери Беларуста өткөн орус-украин делегацияларынын үч раунддук сүйлөшүүсүнөн кийин жолугушту.

Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев тынчтык үчүн сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасына даярданарын айткан.

Эске салсак, 24-февралда Орусия Украинага аскердик операциясын баштаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM