Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда күйүүчү майдын кору эки жумага жетет

Кыска кабар | 10 Мар 2022 | 326 | 0

Кыргызстанда күйүүчү майдын кору эки жумага жетет. Бул тууралуу парламенттин 10-марттагы жыйынында Кыргызстандын Мунай өндүрүүчүлөр биримдигинин башчысы Канат Эшатов депутат Алишер Козуевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Орусиядан чоң көлөмдө мунай алып келүү мүмкүн болбой жатат, бирок майда партиялар менен алып келинип жатат, келишимдер түзүлгөн.

«Биз Экономика министрлиги менен үч жолу чогулуш өткөрдүк. Сунуштарды бергенбиз, анын кээ бири ыкчам чечилип жатат, күйүүчү майды алып келүү маселеси да иштелип жатат», — деди Эшатов.

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин өкүлүнүн маалыматына караганда, бензин 1 айга, дизель 2 айга жетет. Баалардын өсүп жатканы байкалууда, бирок кескин көтөрүлүп кетүү коркунучу жок.

Расмий маалыматка караганда, 1-марттан 10-мартка чейин күйүүчү майдын баасы 1 сомдун тегерегинде кымбаттады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM