Connect with us

Казакстан Кыргызстанга миң тонна буудай үрөн берди

Кыска кабар | 10 Мар 2022 | 203 | 0

Бүгүн, 10-мартта Казакстан Кыргызстанга миң тонна «Карабалык-20» сортундагы жаздык буудайдын үрөнүн берди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Үрөн тапшыруу Жамбыл облусунун Кордай айылында өтүп, ага Кыргызстандан айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков, материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басары Рустам Карагулов, Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев барды.

Эске салсак, 2021-жылдын 2-апрелинде өткөн Кыргызстан-Казакстан Өкмөттөр аралык кеңешинин IX жыйынында үрөн алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM