Чет жердеги кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 85%ы Орусияда эмгектенет. Азыркы дүйнөдөгү кырдаал кыргыз мекендештерибизди да тынчсыздатпай койбойт. Серепчи Нурбек Муктар «Маралдын» эфиринде алдыда мигранттарды эмнелер күтөрүн божомолдоду.
Ал Орусияга каршы киргизилип жаткан санкциялардан улам кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү иштеп жаткан завод-фабрикалар, ири ишканалар жабылып, дээрлик миллиондой мекендешибиз жумушсуз каларын эскертти.
«Азыркы учурда Орусияны «кара туман каптап, кара нөшөр төгүп жатат», анын «сели» биздин мигранттарыбызга тиет. Демек, Орусияда жумушсуздук башталып, адегенде эле миллион жаран жумушсуз калат. Бирок бул башталышы гана. Бара-бара кырдаал курчуйт, кесепети да андан чоң боло баштайт. Орусияга каршы санкциялардын кесепети 3 айдан кийин билине баштайт. Ал мигранттар, мисалы, 100 миңдейи кайра Кыргызстанга келсе эле бул жердеги жумушсуздук күчөйт. Ошондой эле социалдык чыңалуу башталат», — деди Муктар.
Ал жумушсуздуктун алдын алуу үчүн мамлекет тарабынан айыл чарба багытында жеңилдетилген насыя берүүгө 26 миллиард сом бөлүнгөнүн жакшы көрүнүш катары сыпаттады. Мындан ары ушул сыяктуу жеңилдиктерди жарандарга иш алып кетүү максатында берүү керектигин кошумчалады.