Биз менен байланышыңыз

Министр Исманкуловдун клиникасында: 3 саатка калбай бошоткула! (видео)

Кыска кабар | 10 Мар 2022 | 3051 | 0

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дарыгер Алмазбек Исманкулов жетектеген Көздүн микрохирургиялык ооруканасына барып, үч сааттын ичинде бошотуп, чыгып кетүүлөрүн талап кылды. Бул тууралуу 24 KG маалымат агенттиги атайын видео жарыялады.

Министр бүгүн ооруканага келген. Фойеден аны оорукананын администратору тосуп алып, келишимди бузуу боюнча Бишкек шаардык кеңешинен чечим чыга элегин айткан.

Бейшеналиев андан соң Алмазбек Исманкуловго телефон чалып, үч сааттын ичинде бошотуп чыгып кетүүсүн талап кылган.

«Силер 24 жылдан бери кыргыз элин алдап келе жатасыңар. Келишим бузулганда «дагы 10 күн бер» деп сурандың. Үч сааттын ичинде клиникада кызматкерлериң калбай чыгып кетсин, болбосо сага кыйын болот», — деди министр.

Министр ошондой эле ооруканага өзүнүн күзөтчүлөрүн коюп, клиникага эч кимди киргизбөө буйругун берди. Аны менен бирге оорукананын администраторуна кайрылып, «Үч саат убакыт берем, болбосо чачыңды өзүм жулам», — деп чыгып баратып да, «Үч сааттан кийин ооруканада болсоң, тишиңди бирден санайм. Бул коркутуу эмес, бул — сүйүү», — деди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM