Биз менен байланышыңыз

Евробиримдик 100дөн ашуун орусиялыкка жаңы санкция салышы мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Мар 2022 | 207 | 0

Евробиримдик Орусиянын 100дөн ашуун бийлик өкүлүнө каршы жаңы санкцияларды даярдап жатат. Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель билдирди.

«Биз колубуздагы каражаттар менен Орусияга кысымды күчөтүшүбүз керек. Жаңы санкциялар Евробиримдиктин мүчөлөрүнө жөнөтүлдү. Анда орус бийлигинин ар кандай деңгээлдеги 100дөн ашык өкүлүнүн тизмеси, ошондой эле башка экономикалык санкциялар камтылган. Мен бул санкция ушул сессия аяктаганга чейин бекитилерине үмүттөнөм», — деди Боррель.

Ошол эле учурда Евробиримдиктин дипломатиясынын башчысы Европа орус газына көз каранды экенин мойнуна алды.

«Биз бул көз карандылыкты жок кылышыбыз керекБиздин экономиканы Орусия менен байланыштырган жиптерди кесип, аскердик операцияларды каржылоого кеткен агымдарга бөгөт коюу керек», — деди Боррель.

Ошондой эле ал: «Еврокомиссиянын жаңы директивасында каралгандай, орус газынан көз карандылыкты үчтөн экиге кыскартуу татаал, бирок реалдуу максат. Бул макроэкономикалык жана техникалык чараларды талап кылат жана европалык жарандар жылытуу үчүн энергия сарптоосун кыскартууга даяр болушу керек», — деди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM