Биз менен байланышыңыз

Депутаттар пенсионерлердин учурдагы абалына кабатырланышууда

Саясат | 9 Мар 2022 | 725 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында «Социалдык фонддун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётун бекитүү тууралуу», «Социалдык фонддун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды. Депутаттар азык-түлүккө болгон баалардын жогорулашы менен пенсионерлердин абалы оор болуп жатканын белгилешип, бул маселени тез арада чечүү сунуштарын беришти. Ошол эле учурда эл өкүлдөрү Өкмөттүн антикризистик программасында бул маселе дыкат каралышы керектигин эскертишти. Темага кененирээк алдыда токтолобуз.

Жогорку Кеңештин депутаттары 9-марттагы жыйынында Украинадагы кырдаалдан жаралып жаткан экономикалык кризиске, азык-түлүктүн кескин кымбатташынын пенсионерлерге тийгизген таасирине тынчсызданууларын билдиришти.

Депутат Дастан Жумабеков доллардын өсүшү менен азык-түлүк кымбаттап жатканын, алдыда мындан да жогорулашы мүмкүн экенин белгилеп, алган пенсия менен жашоо кыйын болорун эскертти. Ошондой эле ал Социалдык фонддун кырдаалга карата кризистик пландарына кызыкты.

Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев быйылкы жылга 700 млн сом бөлүнгөнүн, кырдаалга карата өкмөттөн кошумча акча берүү маселеси каралып жатканын маалымдады.

«Бюджеттен кошумча каражат бөлүп беребиз деген маселелер каралып жатат. Биз сунуштарыбызды бердик, жылдагыдай эле 1-октябрдан бул маселе каралат. 50%га чейин пенсияны көтөрөлү деп жатабыз».

Кыргызстанда учурда жалпы 713 миң пенсионер бар. Алардын 49%ынын пенсиясы күнүмдүк тирилигине жетпейт. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда орточо жашоо адам башына 6 миң 332 сомду түзсө, пенсионер 5600 сом менен жан сактай алат. Бүгүнкү күндө эң төмөнкү пенсия — 2500 сом болсо, эң жогорку пенсия 179 миң сом.

Ал эми депутат Жаныбек Кыдыкбаев аз өлчөмдөгү пенсиянын көлөмүн жашоо минимумунун өлчөмүнө теңештирүү керектигин сунуштады. Ага жооп катары Бактияр Алиев ал боюнча аракет жасалып жатканын,  ушул жылдын октябрында 50%, кийинки жылы дагы 50% кошуларын, муну менен пенсиянын күнүмдүк тириликке кенен жетип берерине үмүтү чоң экенин айтты.

Депутат Улугбек Ормонов 1-октябрды күтпөстөн, учурдагы кырдаалды эске алып, пенсияны дароо көтөрүү керек экенин белгиледи.

«Урматтуу социалдык фонддун жетекчилери, силер дүйнөдө эмне болуп жатканын көрүп жатасыңарбы? Сомдун курсу эмне болуп жатканын көрүп жатасыңарбы? Анализиңер барбы-жокпу? «Ушул бойдон октябрга чейин эч нерсе болбойт» деп жатасыңарбы? Менин оюмча, бул мыйзам долбоорду тез арада карап чыгып, майга чейин болсо да, оңдоп келишиңер керек. Өзгөртүүлөрдү киргизүүдө тамак-ашка болгон баанын өсүшүн эске алуу керек. Мен силердин 1-октябрга чейин эч нерсе кылбай отура беребиз дегениңерди түшүнбөй жатам. Мындайыңар болбойт».

Депутат Камила Талиева Баткен облусуна өзгөчө макам берүү менен пенсионерлерге 2 миң сомдон кошуп берүү маселеси ишке ашкан, ашпаганына кызыкты.

Соцфонддун төрагасы бул боюнча: «Баткен облусунда кошумча пенсия ала турган 13 миң 500 пенсионер болду. Жалпысынан жылына 335 млн сом сарпталып жатат. Кошумча төлөмдөр 10-марттан төлөнө баштайт. Ошондой эле булардын катары ай сайын дагы 110 пенсионерге көбөйүп турат», — деп жооп берди.

Талкуу маалында Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлерине өзгөчө сый-урмат көрсөтүү маселеси да көтөрүлүп, депутат Равшан Сабиров быйыл ардагерлердин ар бирине 1 млн сомдон берүүнү сунуштады.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда депутаттардын колдоосуна ээ болду.

Copyright © 2017 Maral FM