Биз менен байланышыңыз

«Өлкөдө ири завод-фабриканын жоктугу көйгөй эмес»

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Мар 2022 | 488 | 0

Кыргызстанда ири завод-фабриканын, өндүрүштүн жок болгону көйгөй эмес, муну тескерисинче, жакшы жагынан кабыл алуу керек. Мындай пикирин Президенттин администрациясынын реформаларды талдоо жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Темиркулов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында эгерде ири завод, фабрика, өнөр жай болсо, өлкөнүн экосистемасы олуттуу зыянга учурамак.

Кыргызстан планетага зыян келтирбейт. Себеби рейтингдин негизинде биздин өлкө 116-орунда турат.

«Мисалы Казакстан рейтингде 40-орунда турат. Демек, алар планетага зыян келтире турган өлкө, себеби энергетиканын 85%ын көмүрдөн алышат. А бизде болсо суу энергиясы 95%ды түзүп, эң таза болуп эсептелинет. Демек, биз планетага такыр зыян келтирбейбиз. Бирок планетага зыян келтирбегенибиз менен өзүбүздүн табиятыбызга зыян келтирип жатабыз. Алсак, Бишкектин абасы аябай начар. Малыбыз тоолордун экосистемасын талкалап жатат», — деди Темиркулов.

Темиркулов кошумчалагандай, жашыл экономиканын принциптерин мал чарбага киргизүү керек. Алгач мал чарбаны иретке келтирип, жайыттарды бошотуп, фермаларга өткөзүү зарыл. Андан кийин багбанчылыкты өнүктүрүп, экологиялык таза продукцияны башка өлкөлөргө экспорттосок, жашыл экономика өнүгөт.

Токтогазиев: 2025-жылга барып Борбор Азияда суунун айынан согуш чыгышы мүмкүн

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM