Биз менен байланышыңыз

Украинадагы согуштун 14-күнү: окуялардын тизмеги

Блог , Дүйнө , Кыска кабар | 9 Мар 2022 | 1314 | 0

Орусиянын Украинанын аймагына кол салганына бүгүн толук 14 күн болду. Учурда Украинанын 6 эң ири шаарында кагылуушулар дагы деле уланып жатат. Мындан сырткары Украинанын деңиз порту жайгашкан стратегиялык Одесса шаарына да Орусия тарабынан абадан сокку уруулар башталды. Ал арада Батыш жана бир катар эл аралык компаниялар Орусияга карата санкциялар тизмесин кеңейтип, бир катар белгилүү бренд компаниялар Орусиядагы филиалдарын жабууну улантууда.

Согуштун 14-күнүнө алынган урунтуу учурлар тизмеги:

  • Евробиримдик Украина, Грузия жана Молдованын биримдикке кирүү боюнча жазган арызын карап баштады.
  • Швеция бийлиги Украинанын азыркы учурда Евробиримдикке кошуу кооптуу экенин, абалды дагы да курчутуусу мүмкүндүгүн айтып чыкты.
  • Украина президенти Зеленский акыркы абал боюнча: «Мен сүйлөшүүгө даярмын, бирок капитулацияга даяр эмесмин. Согушту Путин баштады, аны токтотуу да Путиндин колунда».
  • Орусиянын Борбордук банкы бир адамга 10 миң доллардан ашык акчаны накталай алууга чектөө койду. Эгер накталай акча алууда 10 миң доллардан көп болсо, анда ал рубль менен төлөнөт.
  • «Макдональдс» тез татым түйүндөрү Орусия аймагындагы 850 ресторанын жабат.
  • Coca-Cola жана PepsiCo компаниялары да Орусиядагы ишин токтото турганын жарыялады.
  • Nissan компаниясы Санкт-Петербургдагы заводун жабарын билдирди.
  • Орусия 9-март күнү Украинанын 5 шаарына гуманитардык коридор ачат.
  • Fitch эл аралык рейтинги Орусиянын валютасынын куну түшкөнүнөн улам аны «дефолтко жакындаган» категорияга киргизди.

Кадыркулов: Украинанын аймагында 107 кыргызстандык калды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM